"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимге козголгон кылмыш иши токтотулду

"Вечерний Бишкек" Басма үйү" жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимге козголгон кылмыш иши токтотулду. Тиешелүү чечим бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттук отурумда анын жактоочулары кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Сот Инара Гилязетдинова жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Буга чейин 2018-жылдын февраль айында Александр Кимге "кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган" деген айып тагылып, шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечимине ылайык, Ким белгиленген 6 жылдык жаза мөөнөтүнүн 2 жылын сыноо мөөнөтү катары өтөмөк. Ошондой эле сот айыпталуучунун ден соолугун, анын мүнөзүн жана сыйлыктарын эске алып, доогер Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүп берүүнү чечкен.

Ал эми айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары айтып келген. Октябрь айында Кимге карата кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Ал эми "Вечерний Бишкектин" ээси Рябушкин камакка алынган, учурда ал тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан