"Райымды байлык, бийлик сактаса, мени Жараткан өзү сактайт" деген активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов мындай сөздү айтканынын себебин SUPER.KG'ге төмөндөгүчө түшүндүрдү. Анын билдирүүсүнө ылайык, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына чакыруу келген, бирок анда күнү белгиленип, кайсы ай экендиги жазылган эмес.
"Мага эч кандай берене жок эле, себеби жок Чүй облустук Финполициясына "08, 2019-жылга" деп М.А. деген тергөөчүнүн атынан чакыруу келген. Эртең менен адвокатыма жана журналисттерге жолугуп жакшы эле барайын деп жатканбыз, жактоочу: "Мыйзам боюнча жылын, айын, күнүн, саатын жазыш керек. Сизди бирөө тамашага салып жаткан го, мыйзам чегинде, катасыз чакыруу жөнөтсүн, ошондо баралы" деп кетип калды.
Саат 10до чыдабай чакыруу жөнөткөн тергөөчүгө чалып, өзүмдү тааныштырдым. Ал "келе жатасызбы?" дейт. Мен "айын тактайын деп чалдым" десем эле ачууланып кетти.
"Сүйлөшүүгө кел десек келбейсиң, чакыруу бер деп эркелейсиң, чакыруу берсек эми эмне деп жатасың, качып жатат деп азыр опер топ жиберем, колуңдагы повестканы кара, "8и, саат 10 деп турат" деп жемелеп баштады", - дейт активист.
Ошондой эле активист тергөөчүгө чакырууда айы жазылбагандыгын, опер кызматкерлерин гана эмес, туткундоо тобун жөнөтсө да жактоочу, журналисттер менен биргеликте ката кимде экенин көрсөтүп бере турганын айткан. Андан соң тергөөчү чакырууну өзү даярдабагандыгын, кайрадан кагаз жөнөтөрүн билдирген.
"Жөн эле саясий куугунтук кылбаш керек, мыйзамсыз иш кылышса баары бир мыйзам чегинде жооп беришет. Ошол эле учурда чоң партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист катары бир катар талаптарымды айттым. Алардан "Райым миллиондун" ишин текшерүүнүн жыйынтыгын мыйзам чегинде талап кылам. Бийликтеги өтө чоң адамдын кудасы деп жүргөн адамдын убагында мамлекеттин 3,5 миң тонна буудайы түп орду менен жок болгон. Булар менин суроолорумдун 5 эле пайызы. Мындан башка 7 суроом болот. Ушул суроолорго жооп берип, тиешелүүлөрдү мыйзам чегинде жазага тартышса мыйзам чегинде, куугунтук жок иш алып барып жатышыптыр деп ишенет элем. Мунун баарын тергөөчүгө айттым, ал өзүңүзгө жооп бериңиз дейт, мен андан качпайм", - деди Кылычов.