UFC`нин чемпиону Валентина Шевченко 7-апрелде Кыргыз жерине келген. Аны аэропорттон апасы баш болгон жакындары жана бир топ күйөрмандары тосуп алышкан.
Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында бүгүн, 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Андан кийин саат 16:00дө күйөрмандары менен соода борборлордун биринде жолугушат. Ал эми 9-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.