Депутат: "Кесиптик лицейлер тапкан кирешесин өзүнө жумшашы керек"

"Кесиптик техникалык лицейлер тапкан акча-каражатты өзүнө жумшаса, алар жакшы иштеп берет". Мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

"Кесиптик техникалык билим берген лицейлер тапкан кирешесин өздөрүнө жумшаса, алар жакшы иштеп бермек. Мындай болсо, бул окуу жайлар оңдоп-түзөө сыяктуу иштерди өздөрү жүргүзүп, өздөрүн камсыздамак. Учурда алардын абалы бирөө жер айдоо үчүн Финансы министрлигине келип, күйүүчү майга акча алуу үчүн 2-3 ай күткөндөй эле болуп жатат", - деди Акаев.

Аталган комитетте "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан