Өлкөдө жогорку окуу жайда окубаган жаштарды кесиптик орто билим алууга милдеттендирүү каралууда

Өлкөдө жаштарды кесиптик орто билим алууга милдеттендирүү каралууда. Билим берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси көтөрүлүп жатканын комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

"2003-жылы 9-классты аяктаган 7 миң бала билим алууну уланткан эмес. Ошол учурдан бери мындай балдардын саны 175-200 миңге жетти.

Кесиптик орто билим алууга багытталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн каражат бөлүп берүү булагы табылган. Буга республикалык бюджеттен 753 миллион сом керектелет.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты жаштарды билим алууга тартуу болуп саналат.

Мисалы, ошол эле Өзбекстанда 2018-жылдын 25-январындагы токтомуна ылайык, мектепти аяктаган окуучулар сөзсүз түрдө кесиптик лицейлерде билим алууга милдеттендирилген.

БУУнун берген маалыматына ылайык, 16,17,18 жашында үй-бүлө курган кыздардын басымдуу бөлүгү окуусун улантпай, орто билим да албай калгандар болуп саналат", - деди депутат.

Мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан