Шевченконун башына бакай калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылды

Мушкер Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушуу учурунда башына калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылды. Жолугушуу Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде өтүп жаткан.

Интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө бул аракетти сынга алып башташты. Айрымдары "аягында баарын өлтүрүштү. Аял кишиге бакай калпак кийгизип, чепкен жапканды биринчи жолу көрүшүм" деген пикирин калтырса, башкалары да "кыз киши катары сыйлап алуу үчүн кыргыз аялдарынын улуттук кийимдерин таппай калдыңарбы?" деген сөздөрүн жазышууда.

Азырынча Шевченкого ак калпак кийгизилип, үстүнө чапан жабуу ким тарабынан уюштурулганы белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
aydinnur
2019-04-08 19:37:33
Кыз кишиге тебетейдин түрлөрү бар ошолордон кийгизсе болмок... Үкү тебетей,кундуз тебетей ж.б. Болбосо Валя кызда айып жок, биздин сыймыгыбыз!
+10
Ysakov_Nur
2019-04-08 19:51:05
Бул сыйлагандык эмей эле "шылдындагандык" болуп калды...
Уят!
+5
BekAmir
2019-04-08 19:56:03
Элечек кийгизсенер сонун болмок
+3
Alixan-Nookat.2015
2019-04-08 19:58:42
Тебетей, себетей дебей андан көрө квартиранын же автоунаанын ачкычын тапшырса сонун болмок.
+5
Mamiev
2019-04-08 19:59:22
Ошол калпак менен чепкенди машыктыруучусуна кийгизип Шевченкого элечек менен оймо түшүрүлгөн аялдын чепкендеринен кийгизсе болмок. Тренери каралбай арт жакта калып кетти. Эмне деген акмакчылык бул.
+3
rysik79
2019-04-08 20:50:30
Уйунордо отуруп алыып жомокторду жазбай жакшы жагынан эле карап койгула
да. Эр таймаштын турундо чемпион болсо кооп жолку. Даагы UFCнин абсолют чемпиону казак озбектердин ичтери куйуп жатса. Гимнастика, фигурн катание болбосо жээ сулуулар сынагын женип келсе маакул эле. Анча мынча эркекти жыга чапкан Валябызга калпак кийгизсе кийип коюптур. Анча кыйналбагыла тазза эле жаман жагын карап айтып. Элге эшен жаккан эмес деген соз бекер соз эмес да озу.
-3
bond02
2019-04-08 20:55:00
Уят эмеспи ээ акмактар, качан аял кишинин башына калпак кийгизчу эле. Аялдын озунчо эркектин озунчо баш кийими болот да. Эми силер жоолук салынып алгыла.
+7
rysik79
2019-04-08 22:23:59
Калпак бул кыргыздын символикасы. Эр урушуу эр таймаштын чемпиону орустун кызы биздин мамлекеттин атынанн чыгып женип жатаат. Ушагынарды койгула эми.
-2
take19
2019-04-08 22:28:26
Таза акмактар экен. Аялга эркектин кийимдерин кийгизип.
+1
Firdaus-Muslim
2019-04-08 22:39:18
Охоо, Кыргызым ай Кыргызым ушундай төмөн даражага жеттикпи? Боло турган ишти кылышбаптырда, уят эле уят.
+3
fora
2019-04-08 23:02:57
Ушунчалык да акмак адамдар барбы кантип уялбай эркек кишинин уллуттук кийимин кийгизди кыргыз кыздардын сооннун уллуттук кийими бар элего
+3
dobrajelatel
2019-04-09 02:42:09
Валя сен "эркексин" деп жапты да. Баатыр Кыз!
+5
barakcha
2019-04-09 08:12:47
Мына сага!Эр Азамат жигиттер коронаны аял кишиге тарттырдынар!Эх,кыргызым...
+2
suban78
2019-04-09 10:16:51
Туура эле. Валя анча мынча эркек кылбаган ишти кылды. Орусияга кетип калбай оз элине келип жатса анын эмнеси жаман. Биздин желекти чет олкодо которуп журсо.
+2
ooki8888
2019-04-09 17:07:36
Албетте туура эмес, бирок жакшы ниет менен кийгизди да, демек кечиримдуу.

Главное Валентина мы тебя любим и дорожим, спасибо тебе !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан