Депутат Аалы Карашев: “Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке программасын бекитүүгө келгенде эле реформаны баштайм деп айткан”

5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.

Ал белгилегендей, премьер-министр өкмөттүн иши боюнча отчёт бергенде, андан жыйынтыгын сурашат.

“Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке өзүнүн программасын бекитүүгө келгенде эле реформаны баштайм деп айткан. Парламент анын программасын бекитип берген. Программаны ишке ашыруу боюнча Конституцияга ылайык, өкмөт 1-майга чейин отчёт берет. Мүмкүн, ал жыйында жаңы реформасын айткандыр. Бирок ал отчёт бергенде анын программасынын жыйынтыгын сурайбыз”, - дейт Карашев.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Рыскелди Момбеков, саясий серепчилер Игорь Шестаков, Нурсултан Акылбек жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан