Экономист Айылчы Сарыбаев: "Өлкөдө кандай көйгөй бар экенин мурун эле билишчү, аны изилдей беришсе жыйынтык болбойт"

5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна экономист Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Ал көйгөйлөрдү изилдей бергенден жыйынтык болбойт деген пикирин айтты.

"Өкмөттүн бир жылдык иши тууралуу айтуу деле кыйын болуп калды. Мындан ары кандай кылат билбейм. Өлкөдө кандай көйгөйлөр бар экенин мурун эле билишчү. Ошол көйгөйлөрдү чечебиз деп келишкен. Анан эми жылдап ошол көйгөйлөрдү изилдей беришсе, такыр эле жыйынтык болбойт. Менин оюмча, бул нерсе туура эмес. Биз 30 жылдан бери эле реформа деп келе жатабыз. Кандай реформа жасоо керектиги да айтылган, баары чечилген. Көйгөйлөрдү чечебиз деп жатып кайра көйгөй жаратып бүттүк. Ошондуктан "аны чечүү керек, муну чечүү керек" дегендин өзү туура эмес", - деди Сарыбаев.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, саясий серепчи Игорь Шестаков жана Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан