5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.
Ал өкмөттүн алдында мурдагы өкмөттөрдөн калган көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат деген пикирин айтты.
"Жаңы өкмөт келгенде элибиз өкмөттөн реформаларды, чечкиндүү кадамдарды күтөт. Азыркы өкмөт дайындалганына бир жыл болду. Албетте, убакыт өтүп экономикадагы абалды жаңы пайда болгон оппозиция өз пайдасына колдонгонго аракет кылууда. Азыркы өкмөт башчы абалды өзгөртүүгө аракет кылып жатат. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизгенин өкмөттүн чоң жетишкендиги десек болот. Бирок бул жетишсиз. Өкмөттүн эң башкы максаты экономикадагы абалды өзгөртүү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн президент менен тыгыз байланышта жумуш алып баруу.
Азыр энергетикалык тармакта тийиштүү реформалар жүргүзүлбөгөндүктөн инвесторлорго кыйын болуп жатат. Бул да өлкөбүздөн капиталдын чыгуусуна себеп болуп калышы мүмкүн. Бирдиктүү терезе принцибин тез арада киргизип, тышкы бизнес жана туризмге өлкөбүздүн эшигин тоскоолдуксуз ачып, коррупция менен чыныгы күрөштү баштап, күч органдардын бизнести тоноосун токтоткондо абал оңолот. Тилекке каршы, кээ бир ведомстволор өз кызыкчылыгын ойлоп, реформаларга бут тосуп келишет.
Өкмөт башчы өзү айткан өкмөттүн түзүмдөрүн өзгөртүп, министрликтердин башына жаңы адамдарды чакыруусу зарыл. Азыр министрликтерди мурда деле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө албаган кадрлар башкарып келет. Бул көйгөйлөр бүгүн же кечээ пайда болгон жок. Азыркы өкмөттүн алдында мурдагы өкмөттөрдөн калган көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Албетте, убакыттын тардыгын унутпашыбыз керек", - деди Нурсултан Акылбек.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, саясий серепчилер Игорь Шестаков жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.