Валентина Шевченкону Ош шаарында кемсел кийгизип, жоолук салып тосуп алышты

UFC`нин чемпиону, кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 9-апрелде Ош шаарына барды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров кабарлады.

Анын айтымында, Шевченкону аэропорттон Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар мэри баш болгон аткаминерлер жана 300дөн ашуун күйөрмандар тосуп алышкан.

"Мушкер эртең мененки саат 8де учуп келди. Аны көптөгөн кыргыз желегин кармаган күйөрмандары тосуп алышты. Учурда Валентина Шевченко кортеждин коштоосунда мейманканага бара жатат. Ал саат 10:45те жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын өткөрөт. Ал эми саат 18:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугушуу пландалган", - деди маалымат катчы.

Ал эми облустук администрациянын кызматкери Бектеналы Абдырахманов шаар тургундары Шевченкого кемсел кийгизип, башына жоолук салып тосуп алганын кошумчалады.

Валентина Шевченкону Ош шаарында күйөрмандар тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Syimyk.isaev
2019-04-09 09:52:41
Жакшы жанылык.
+11
Mambetali
2019-04-09 09:53:50
Бишкекте калпак чепкен кийгизди дейби? Тооба аял кишиге да калпак кийгизет бекен...
+27
XATSAN125
2019-04-09 12:24:23
Mambetali,додой болсо ошол да аял менен эркекти айырмалай албаса
+15
PROS
2019-04-10 17:37:26
Mambetali,орус чалыш болуп калышкан да
0
Ruslan-bel-oruk
2019-04-09 10:26:16
Жакшы кылышыптыр Аял кишиге жолук салып
+23
mbmur
2019-04-09 11:01:52
Ноокатка да алып барып эки тандыр самсыдан берип койгула.Анан Нуньесди да женет.
+18
bond02
2019-04-09 11:08:47
«Туугандар» менен жолуктуруп коргулочу топу кийгизе бекен жок бекен.
-22
Pchelka85
2019-04-09 11:54:08
Валентинанын рингде женген сайын дайыма Кыргызтандын желегин которгону жагат да))) молодец!!!
+27
zhaku2017
2019-04-09 11:56:34
Жолук салбай деле тосуп алышпайбы. Созсуз жоолук салыш керек бекен. Кыргыз кыз келиндери ушундай Шевченкодой болгула. Эрктуу болгула. Спорт менен машыккыла. Озунорго бекем болгула.
-17
nurka_85
2019-04-09 15:12:26
Сары кызга ийгилик дагы да коп жениш!!!
+4
KG.Kushtarbek
2019-04-09 15:24:38
Баткенгеда баравы екен
+1
Shaa.myrza
2019-04-09 17:41:33
Ооо азаматтар калпак кийгизпей ушунтиш керек ош эли азамат
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан