"Тез жардамдын" унааларына жол эрежелерин бузганы үчүн күнүнө 18 миң сомдон айып пул салынып жатыптыр, адам өлсө өлсүн, "Коопсуз шаар" болсо болдубу?" деген нааразычылыгын бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
"Мага "Тез жардамдын" кызматкерлери кайрылды. Аларга жол эрежелерин бузганы үчүн күнүнө 17-18 миңден айып пул салынып жатыптыр. Адам өлсө өлсүн, "Коопсуз шаар" болсо болду" болуп калдыбы? Жол эрежесин бузса, айып пул салынып, жардам сурап чакырган жерине барышса, токмок жеп жатышканын айтышты.
Мына бир эле мисал, 18-мартта “Тез жардам” кеч баргандыктан шаар тургуну каза болуптур. Мыйзам күчүнө кирип жатканда, эмне себептен бул нерселер эске алынган эмес. "Тез жардам", Өрт өчүрүү кызматы жол эрежесин бузбай кеч барышы керекпи?" - деп сурады депутат.
Буга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ыманалы Саркулов бул маселе мыйзам чегинде чечилгенин билдирди. "Март айында ушундай окуя болгон, ал чыккан айып пулдар салынбайт, бул маселе чечилген", - деп жооп берди Саркулов.
Депутат ага: "Силер азыр 20 миллион сом айып пул салдык деп жыргап жатасыңар, а бирок силер элдин канын ичип жатасыңар", - деп жооп кайтарды.