Депутат камерага түшүп калып 12 миң сом айып пулга жыгылган айдоочунун окуясын айтып берди

"Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга айып пулду дагы көтөрсө да болот" деген пикирин бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.

"Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга айып пулду дагы көтөрсө болот. Бирок унааны туура эмес жерге токтоткон жана ушул сыяктуу майда жол эрежелерин бузуудагы айып пулдарды азайтса болчудай. Себеби айып пулдарды карапайым калк чынында көтөрө албай жатат.

Өткөндө бир жаран кайрылды, ага бир күндө эле 12 миң сом айып салыныптыр. Ал мен анча акча таппайм, кантип төлөйм деп жатат. Ал унаасынан атасын чыгарып бурулуп келгиче эле камерадан 3 жол эрежесин бузуу болуп катталыптыр", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан