"Селсаяктар ар кайсы жерде жатса, таштандылар чачылып жатса, туризмди кантип өнүктүрөбүз?" деген суроону бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев көтөрдү.
Ал мэрдин орун басарына кайрылып: "Таштанды салынган контейнерлердин үстүн жабык кылууга болобу? Ар кайсы жерде селсаяктар жатат, анан кантип туризмди өнүктүрөбүз? Мына жаз эмес, жай мезгили келип калды. Анан эле кыш келип калып, "жетишпей калдык" деген жооп узатасыңар. Бул жаатта кандай иш-аракеттер аткарылууда?" - деп сурады депутат.
Буга мэрдин орун басары тиешелүү иш-аракеттер аткарылып жатканын билдирди. "Жакынкы убакыт аралыгында тиешелүү иштер аягына чыгарылат", - деп жооп берди чиновник.