Парламент комитетинде бажы тармагын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

“Өлкөнүн Бажы кызматынын кураторлору бар экени ачык айтылып жатат” деп бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Дастан Бекешев айтты.

Ал билдиргендей, бул тууралуу өлкөдө эле эмес, башка мамлекеттерде дагы айтылып жатат. “Акыркы убактарда Кыргыз мамлекетиндеги аткезчилик товарлар боюнча көп сөз айтылууда. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бул маселени бир канча жолу караган, тапшырмалар берилип, токтомдор кабыл алынган. Бул боюнча эмне иш аткарылганын билишибиз керек. Кийинки жумада аталган маселени карап, депутаттык комиссия түзүшүбүз шарт”, - дейт Бекешев.

Депутаттар Бекешевдин сунушун колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан