Өкмөттүн отчётун угуп отуруп депутаттардын уйкусу келди

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында өкмөттүн отчёту угулууда.

Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев уйкусу келгенин айтты. "Өткөн жылы катталган жол кырсыктары анда каза болгон адамдардын саны боюнча маалымат айтылды. Эми өлгөн адамдарды айтсак, алар тирилип кетмек беле? Өкмөттүн өткөн жылы аткарылган иштерин угуп отуруп элдин уйкусу келе баштады. Анын ичинде меники дагы. Эртерээк карап бүтүрбөйлүбү?" - деди депутат.

Буга депутат Наталья Никитенко: "Мен буга кошулам. Өкмөттүн өкүлдөрү жооп берип жаткан жоопторун угуп отуруп уйку келе баштады. Биз так, толук кандуу жооп ала албай жаткандыгыбыздан улам уйкубуз келип жатат", - деди Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан