Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.
Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жаткандыгы саясий кырдаалдын курчушуна негиз болуп жатат деген пикирин айтты.
"Саясий абал жана саясий күрөш абдан курч болуп турат. Бүгүнкү күндө өкмөттүн ишмердүүлүгү, экономикалык абал серепчилердин айтымына караганда алдыга жылбай бир орунда турат. Инвестициялар азайып, инвестициялык кызыктыруу төмөндөп калды. Экономикалык абал өкмөттүн аброюна, туруктуулугуна шек келтирет. Анткени өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү коомчулуктун кызыкчылыгына жооп бербей жатат. Эл ишеним артпаган министрликтердин жетекчилери бар. Биз агрардык өлкө болуп саналабыз. Дыйкан чарбасында эмгектенген жарандарыбыз бар. Өндүргөн продукциялардын сатылышы боюнча көйгөйлөр болууда. Ысык-Көлдү, Чүйдү, Ноокатты алсак сарымсак, картошканын баасы арзандап кетти. Буга байланыштуу элдин акчасы, жей турган тамагы азайды. Өкмөттүн башкы максаты өндүрүлгөн товарды сатуу, башка мамлекеттердин рынокторуна жеткирүү. Бул боюнча өкмөттүн кээ бир органдары чабал иштегени үчүн товарлар чек арадан өтпөй калып жатат. Андан тышкары көп жылдан бери чечилбей жаткан нерселер саясий абалды курчутууга негиз болууда. Буюртма менен кылмыш иштеринин козголушу, соттолгондордун тагдыры чечилбегени саясий кырдаалды курчутууга себеп болуп жатат",- деди Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, Бакирдин Субанбеков, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, журналист Мирбек Айтикеев, саясий эксперт Даниэл Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.