Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: “Социалдык чыңалуу күндөн-күнгө күчөп бара жатат”

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин пикиринде, саясий абал өтө оор.

“Элде социалдык чыңалуу күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Саясий абал өтө оор. Президенттен, парламенттен, өкмөттөн элдин үмүтү жок болуп жатат. Калкты ынтымакка, биримдикке чакыргандын ордуна бөлүп-жарып жатышат. Элдин нааразычылыгы күч, кооптонууга негиз бар. Бийлик өзү ушуга алып барып жатат”, - дейт Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, Бакирдин Субанбеков, экс депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, журналист Мирбек Айтикеев, саясий эксперт Даниэл Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан