Журналист Мирбек Айтикеев: "Бардык тармактарда реформа жүрүп, оппоненттер куугунтукталбаса бүгүнкүдөй коркунуч түзүлбөйт"

Өлкөдөгү саясий кырдаал кыйындоодо. Буга негизги себеп азыркы саясий систем экенин саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал өкмөттүн да, парламенттин да ишинде жыйынтык болбой жатканын айтты.

Ошондой эле саясий кырдаалдын курч болуп жатышына экс-президент менен президенттин тиреши да "салым" кошууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Кооптонууга негиз барбы?" деп депутаттарга, коомдук ишмерлерге, жарандык активисттерге собол салды.

Журналист Мирбек Айтикеев саясий кырдаалдын чыңалышын бийлик өзү жаратат деген пикирин айтты.

"Өлкөдөгү саясий кырдаалдын чыңалып жатышына бийлик тарап оппозиция күнөөлүү деп айтып келет. Бирок ошондой кырдаалды оппозиция эмес, бийлик өзү жаратат. Бардык тармактарда реформа жүрүп, ачык-айкындуулук болуп, элдин талаптары, көпчүлүктүн мүдөөлөрү ишке ашып, оппоненттер куугунтукталбаса, караланбаса бүгүнкүдөй коркунуч түзүлбөйт. Экинчи жагынан саясатта оппоненттердин ортосунда ушундай кырдаал түзүлүп, бири-бирине кандайдыр бир идея үчүн карама-каршылыктардын болуп турганы жакшы. Коомдогу көмүскө маселелер ачыкка чыгышы үчүн бул жакшы нерсе. Мындан коркпой эле коюш керек", - деди Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Мирлан Жээнчороев, экс депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, саясий эксперт Даниэл Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан