Баткен шаарында эмдөөдөн кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган окуучулар жакшы болуп калышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков кабарлады. Анын айтымында, ооруканага жалпы 15ке жакын окуучу кайрылса, анын экөөсү жандандыруу бөлүмгө жаткырылган.
"Абалдары жакшы болуп, учурда үйлөрүнө жиберилди. Жандандыруу бөлүмдө бир кыз калды эле, ал дагы жакшы болуп калды. Ал эми эмдөө жасаган дарыгерлердин кандай катачылыкка жол бергени иликтөө ишинин жыйынтыгы менен белгилүү болот", - деди Бөрүбеков.
Бүгүн, 9-апрель күнү түштөн кийин Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөрүлүп, бирок айрымдары абалы начарлап жаткандыктан ооруканага барышкан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкенин кабарлаган.