Чемпиондор Лигасы: Чейрек финалдын алгачкы оюндарында "Тоттенхэм" жана "Ливерпуль" клубдары жеңишке жетишти

10-мартка караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алкагында 3 англиялык жана 1 португалиялык клубдар беттешти. "Тоттенхэм" өз талаасында "Манчестер Сити" менен ойносо, "Ливерпуль" "Портуну" кабыл алды.

"Тоттенхэм"-"Манчестер Сити"

"Тоттенхэм"-"Манчестер Сити" беттеши Лондон шаарындагы "Тоттенхэм Хотспур Стэдиум" стадионунда орун алды. Оюндун алдында футбол күйөрмандары тең чыгууну же "Манчестер Ситинин" минималдык эсеп менен жеңишин болжолдошкон. Бирок талаа ээлери бирдиктүү, командалык оюнду көрсөтүп, өз күйөрмандарын ыңгайсыз абалда калтырган жок.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө коноктор топту көбүрөөк башкарып, чабуулга өтүүгө аракет кылып жатышты. 10-мүнөттө Рахим Стерлинг бир нече оюнчуну жазгырып өтүп, дарбазага узаткан соккусун коргоочу Дэнни Роуз тосуп калды. Калыс видеокайталоонун жардамы менен топ Роуздун колуна тийип кеткенин аныктап, "Тоттенхэмдин" дарбазасына 11 метрлик айып сокку дайындалды. Бирок Серхио Агуэро түзүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок. Анын аткарган айып соккусун дарбазачы Уго Льорис тосуп калды. Беттештин алгачкы 45 мүнөтү эки тарапка тең түзүлгөн кооптуу абалдар менен уланып, бирок эсеп саны ачылган жок.

Оюндун экинчи бөлүгүндө талаа ээлери конокторго караганда сапаттуураак чабуулдарды уюштуруп жатышты. Анткени менен 0:0 эсеби 78-мүнөткө чейин өзгөргөн жок. 78-мүнөттө Кристиан Эриксендин чыгарып берген тобун лондондук клубдун чабуулчусу Сон Хын Мин дарбазага багыттап эсеп санын ачты. Түштүк кореялык чабуулчу алгач топту талаадан сыртка чыгарып жибергендей көрүнгөнү менен, видеокайталоону көргөндөн кийин баары өз ордуна келди. Калыс топ толугу менен чийинден чыкпаганы үчүн, голду эсептеп "Тоттенхэм" 1 топ айырмачылыгы менен алдыга чыкты. Ал эми Хосеп Гвардиоланын шакирттери эсеп санын теңөөгө кылган аракеттеринен майнап чыкпай, беттеш дал ушул эсеп менен жыйынтыкталды.

Командалардын жооптук беттеши 18-апрелде өтүп, жарым финалга өтө турган команда Манчестер шаарында аныкталат.

"Ливерпуль"-"Порту"

"Ливерпуль" жана "Порту" командалары легендарлуу "Энфилд" стадионунда орун алды. Оюндун фаворити "Ливерпуль" клубу көпчүлүк күткөндөй эле талаанын ар бир бурчун көзөмөлдөп жатты. Эсеп саны Наби Кейтанын жараткан голу менен 5-мүнөттө ачылды. Садио Мане менен Роберто Фирминонун уюштурган чабуулун Кейта 15 метрдей аралыктан дарбазага таамай багыттады. Эсеп алгачкы мүнөттөрдө эле ачылганы менен, талаа ээлери чабуулдарын токтоткон жок. Бир топ кооптуу абалдардан кийин 26-мүнөттө кайрадан гол жаралды. Бул ирет Трент Александр-Арнольд топту дарбазанын бош калган бурчуна узатып берип, аны Фирмино эч кандай тоскоолдуксуз ишке ашырды.

Беттештин экинчи бөлүгү да кызуу уланып, эки тарапка тең чабуулдар уюштурулуп жатты. Бирок "Португа" караганда "Ливерпуль" командасы гол айырмачылыгын ири эсепке жеткирүүгө жакыныраак болду. Анткени менен экинчи бөлүктө бир да гол жаралбай, оюн 2:0 эсебинде соңуна чыкты.

Жооптук беттеш 18-апрелде Португалиядагы "Драгау" стадионунда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Modric10
2019-04-10 15:08:49
Кечиндеги оюндардан бугунку оюндар кызык болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан