Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдар тууралуу маселе көтөрдү.
"Баткенде эмдөөдөн 15 бала жабыркады деген маалыматтар айтылып жатат. Ушул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги туура маалымат бербесе, эл эмдөөдөн баш тартышат. Аталган министрлик балдардын абалы тууралуу маалымат берип койсо туура болот", - дейт Орозова.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев: "9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте балдар эмдөөдөн өткөрүлүп, айрымдарынын абалы начарлаган. 7 бала ооруканага жаткырылган. 2 бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, 5 бала балдар бөлүмүндө жатат. 5 баланын абалы жакшы, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кечээ кечинде бир кыз жандандыруу бөлүмүнөн балдар бөлүмүнө которулду. Анын абалы орто. Бүгүн министрликте жыйын өтүп, комиссия Баткен шаарына учуп кетишти. Бул маселени адистер жеринен териштиришет", - дейт.
9-апрель күнү түштөн кийин Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөрүлүп, бирок айрымдары абалы начарлап жаткандыктан ооруканага барышкан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкенин кабарлаган.