Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында органикалык азыктарды экспорттоону жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Айтмамат Назаровдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын калкынын органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн канааттандырууга, анын экспортун жогорулатууга багытталган.
Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен дүйнөлүк органикалык айыл чарба стандарттарына чыга алабызбы деген маселени коюшту. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бир катар аракеттер болуп жаткандыгын, органикалык айыл чарба өнүмдөрүнө өстүрүү боюнча бир топ уюмдар иш алып барып жаткандыгын билдирди. Ошол эле маалда органикалык айыл чарба департаменти түзүлгөндүгү, жер-жерлерде органикалык айыл чарба өнүмдөрүнүн өстүрүлүшү тиешелүү сертификаттарга туура келеби же жокпу көзөмөлдөнүп турары айтылды.