Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Сот отуруму башталарда жактоочулардын бири Канат Жайлоев судьяга кайрылып, айыпталуучулар тордун артында эмес, залда отуруп суракка алынуусуна уруксат берүүнү өтүндү.
"Бул нерсе айыпталуучулардын адамдык кадыр-баркына шек келтирип жатат жана кыйноо катары баалоого болот", - деди жактоочу.
Мамлекеттик айыптоочулар буга каршылыгын билдирип, айыпталуучуларга оор кылмыш тагылып жатканын эскертишти.
Бул өтүнүч боюнча "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков да өз пикирлерин билдиришти.
Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн жактоочусунун сөзүн колдоду. "Бизди коомго коркунучтуу деп атоого эч кимдин укугу жок" деди Сатыбалдиев.
Ал эми Сапар Исаков "айыпталуучулар качкысы келсе мурда камала элек кезинде эле качып кетмек" деп кошумчалады.
Ишти карап жаткан судья Инара Гилязетдинова жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.
Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.