Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков TBEAнын өкүлү Мусажан Макелектин УКМКнын имаратында жазылып калган аудио жазуусун окуп берди. Аудио жазуунун тексттинде Макелек, ага карата коркутуулар болуп жатканын айткан. Буга чейин аудио жазуунун үзүндүсүн жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган.
Отурумда Исаков иш боюнча өтүп жаткан ар бир фигуранттар менен болгон мамилесин айтып берди. Ал: "Тергөө ЖЭБ боюнча бизди кылмышка күнөөлөп, мени кылмыштуу топтун, "банданын" башчысы катары көрсөтүптүр. Ал эми калгандары менин бандамдын мүчөсү экен. Мисалга, Жантөрө Жолдошевич тууралуу айтайын. Жантөрө Жолдошевичти билгендерден сурагыла. Ага бир иш менен кайрылсаң "сен кимсиң, бар нары" деп жооп бере турган адам. Кечирип койгула, бирок Жантөрө Сатыбалдиев биздин өлкөдөгү аймактык бөлүнүүчүлүк жүрүп кетпеши үчүн отурат деп ойлойм. Башкача айтканда, Жантөрө Жолдошевич регионалдык баланс үчүн камалган", - деди Исаков.
Мындан тышкары, Исаков Осмонбек Артыкбаев тууралуу айтып жатып, экөөнүн пикирлери көп учурда дал келбегенин белгиледи. "Айыптоочу тарап экөөбүздү бирге кылмыштуу иш-аракеттерди жасаган деген бүтүмгө кантип келди? Артыкбаевдин өзүнүн бизнес-индустриясы бар. Ал акчага муктаж болгон эмес. Ошондуктан 100 миллион сом төлөдү да. Бирок эмнеге андай кылганын түшүнгөн жокмун. Андан көрө балдар үйүнө берсе болмок", - деди ал.