Былтыр өлкө аймагында жалпы кылмыштардын саны эки миңге же 6,7 пайызга өскөн

Өлкө аймагында жалпы кылмыштардын саны эки миңге же 6,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

"Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны эки миңге (же 6,7 пайызга) көбөйгөн, бирок ошол эле учурда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын негизинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын катталышынын саны 2017-жылга салыштырмалуу 137 кылмышка (же 14 пайызга) төмөндөгөндүгүн белгилесек болот.

Бул багытта прокурорлор тарабынан мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер уюштурулуп, өзгөчө татаалдыкты түзгөн жазык иштер боюнча тергөө топторун түзүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, милдеттүү түрдө аткарылууга жаткан жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилип турду. Натыйжада аталган кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өсүп, 83,2 (өткөн жылы 78,2 пайыз) пайызды түзгөн", - деди Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан