Депутат "Республика-Ата Журт" көпчүлүк коалицияга кошулганы мыйзамга туура келбейт" деген билдирүүгө жооп кайтарды

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев былтыр "Республика-Ата Журт" фракциясынын көпчүлүк коалицияга кошулганы мыйзамга туура келбей турганын айтты.

"Республика-Ата Журт" фракциясы Умбеталы Кыдыралиев Исхак Масалиевдин сөзүнө жооп кайтарды. "Менин колумда чечимдер турат. "Республика-Ата Журт" фракциясынын көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча чечим. Бул чечимди депутаттар бир добуштан колдоп берген. Көпчүлүк коалицияга кирген боюнча чечим бар. Биздин фракциянын көпчүлүк коалицияга киргени мыйзам талаптарына жооп берет", - дейт Кыдыралиев.

КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" башкаруучу коалицияда, ал эми "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" оппозициялык азчылыкта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан