Бишкекте төрөт үйүнүн короосуна катуу сабалган абалда ташталган жарандардын экинчиси да каза болду

Кечээ түндө белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалып, Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн короосуна ташталып кеткен экинчи жаран да каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинен билдиришти.

"Катуу сабалган экинчи жарандын абалы өтө оор болчу. Ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал бүгүн күндүзү каза болуп калды", - деп билдиришти милициядан.

Буга чейин сабалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин ИИМден маалымдашкан. Алардын бири түндө эсине келбей каза болгон.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ленин РИИБине 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилгени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн алдыңкы эшигине белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
DNurgiza
2019-04-10 21:46:46
Жаман болуптур((
0
Samar90
2019-04-10 22:10:27
Бул жэрде бир секрет барда ошон учун олду
+4
interpol
2019-04-11 08:04:51
Саяк жүрсөң таяк жейсиң деп койчу беле
+6
ms.95.ma4o
2019-04-11 10:29:04
Ии байкуштар ушунтип жургондон коро олгонунор деле жакшы канчалаган адамдардын каарына калганынарды бир кудай билет токмок жеп сабалып жатканынарда окундунор бекен эхх кудаай балдарыма татыктуу тарбия бере кор.
+1
ruslanz
2019-04-11 12:26:20
ms.95.ma4o,Туура. Окунучтуусу кийинкилер сабак албай жатканы. Азыр бандит болуш мода деле эмес го,90чу жылдардагыдай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан