Депутат Ирина Карамушкина: "Парламенттеги коалициянын курамы өзгөрүп турушу керек"

Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, депутаттардын жаңы коалицияны түзүүгө укугу бар.

"Исхак Масалиевде коалициянын курамын өзгөртүү боюнча кайрылуу жасоого укугу бар. Жаңы коалицияны түзүү же түзбөө маселесин парламент чечет. Бул мыйзам ченемдүү демократиялык процесстер. Коалиция дайыма бир курамда турбашы керек, түзүмү жана курамы өзгөрүп туруусу зарыл.

Эртең президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөйт. Ал өкмөт өз милдеттерин аткара албай жатканын айтышы мүмкүн. Дал ушул учурда Исхак Масалиев КСДПны коалициядан чыгарыш керек деп айтат. Ошентип парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап, өкмөт да өзгөрөт", - деди Карамушкина.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан