Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.
“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгарууну колдобой турганын айтты.
"Көпчүлүк коалицияда 4 фракция бар. Анын күн тартибинде КСДПны курамынан чыгаруу маселеси жок. Биздин фракция КСДПны көпчүлүк коалициядан чыгарууну колдобойт. Буга азыр негиз жок", - дейт Турускулов.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.