Жогорку Кеңештин 10-апрелдеги жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгышы керектигин айтты. Мындай сунушун ал КСДП партиясы оппозицияга өткөнү менен түшүндүрдү. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы коалициядан чыкпай турганын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыксын деп айтылды. Бул демилге колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков "КСДП парламенттеги башкаруучу коалициядан кетсин" деген сөз болуп жатса, саясий оюн башталып жатат деген пикирде.
“Бул маселени фракция өзү чечиши шарт. Эгерде өкмөт туруктуу, алмашпай иштесин десе коалиция тарабашы керек. Көпчүлүк коалиция тараганда өкмөт кетип, кайра жаңы премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн шайлаш керек болот. Жаңы өкмөт ишти башынан баштаганга туура келет. Ушундай сөз болуп жатса, саясий оюн башталып жатат. Бул кептин баары көпчүлүк коалицияда эмес, мунун артында өкмөттүн келечеги турат”, - дейт Кадырбеков.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Жыргалбек Турускулов, саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.