Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Исаевге, Акылбек Жапаровго, Игорь Чудиновго козголгон кылмыш иштери жөнүндө маселе боюнча депутаттык комиссиянын чечими каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Башкы прокуратура 2017-жылы 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол жылы 31-майда депутаттык комиссия түзүлгөн.
2017-жылы 11-майда Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 18-майда Жогорку Кеңеште Канат Исаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.