11-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алкагындагы беттештер уланды. Бул күнү "Манчестер Юнайтед" клубу "Барселонаны" кабыл алса, "Ювентус" клубу "Аякска" конокко барды.
"Манчестер Юнайтед"-"Барселона"
"Манчестер Юнайтед"-"Барселона" беттеши Манчестер шаарындагы "Олд Траффорд" стадионунда орун алды. Оюнду талаа ээлери активдүү баштады. 2-мүнөттө айып аянтчага жакын жерден Серхио Бускетс Скотт Мактоминейге каршы эреже бузуп, "Юнайтеддин" пайдасына кооптуу айып сокку дайындалды. Маркус Рашфорддун аткарган соккусу күчтүү болгону менен, дарбазага таамай багытталган жок. 12-мүнөттө чабуул менен жооп берүү кезеги конокторго келип, Лионель Месси айып аянтчасынан топту кабыл алды. Сокку узатууга мүмкүнчүлүк жок экенин көргөн Месси топту Луис Суареске көтөрүп берди. Суарестин сүзгөн тобу Люк Шоуго тийип барып дарбазадан орун алды. Бул аралыкта офсайд абалындагы Филиппе Коутиньо дагы топко тийгенге аракет кылгандай болгон. Бирок видеокайталоонун жардамы менен Коутиньо топко тийбегени аныкталып, "Барселона" автоголдун жардамы менен эсеп санын ачты.
Беттештин калган бөлүгү да эки тарапка тең уюштурулган кооптуу чабуулдар менен уланып, бирок гол жаратууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жыйынтыгында оюн "Барселонанын" 0:1 эсебиндеги минималдык жеңиши менен жыйынтыкталды. Командалардын жооптук беттеши 17-апрелге караган түнү өтүп, эки оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган команда чейрек финалга жолдомо алат.
"Аякс"-"Ювентус"
Беттеш Амстердам шаарындагы Йохан Кройф атындагы стадиондо өттү. Оюндун фаворити "Ювентус" командасы болгону менен, "Аякс" өз талаасында өткөн беттеште конокторго караганда жакшыраак оюн көрсөттү. Биринчи бөлүктө эки команда тең кезектешкен чабуулдарды жасап жатышты. Бирок эсеп саны 45-мүнөттө гана ачылды. Борбордук бөлүктөн чабуулду баштаган Криштиану Роналду оң капталдагы Жуан Канселуга топту узатып берип, өзү айып аянтчасын көздөй багыт алды. Конселунун айып аянтчасына көтөрүп берген тобуна Роналду өзү жетип барып, башы менен дарбазага багыттады. Беттештин алгачкы бөлүгү дал ушул эсеп менен жыйынтыкталды.
Оюндун 2-бөлүгү башталары менен эсеп саны 1:1ге айланды. "Аякстын" чабуулчусу Давид Нерес Канселудан топту тартып алып, айып аянтчасына чейин жетип барды. Ал жакта 3 коргоочунун бар экендигине карабай таамай сокку узатып, "Аяксты" жеңилүүдөн сактап калды. Беттештин калган бөлүгүндө да талаа ээлери "Ювентуска" караганда көбүрөөк жана кооптуураак чабуул уюштуруп жатышты. Бирок коргоочулардын жана Войцех Щенсныйдын мыкты оюну "Аякстын" алдыга чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Жооптук беттеш 17-апрелге караган түнү Италиянын Турин шаарында өтөт.