"Акыркы мезгилде коомубуз ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү", - деп бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Чагымчылдарга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жетилгендигин дагы ирет көрсөттү. Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты, коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады. Бийлик үчүн элге жаккан, бүтүн коомчулук колдогон иштерди аркалап, журт кызыкчылыгында тынбай аракет кылуу гана мааниге ээ болуп калды. Биз элге берген убадаларды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Жогорку Кеңеш, өкмөт, сот бийлиги менен бирге алга карай кадамдарды жасады. Тышкы саясат багытында маанилүү өзгөрүүлөр болду", - дейт президент.