"Мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз" дейт президент

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп жатып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгы тууралуу айтты.

"Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңылануу болушу үчүн ушул тармакта иштеп жаткан мекендештерибиздин социалдык абалын чыңдоого милдеттүүбүз. 2011-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан медицина кызматкерлеринин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк дарыгерлерге жогорулатканбыз. Быйыл башка адистердин айлыгын көтөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз. Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан