Жогорку Кеңеште 36 калктуу конушка айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоорлору каралды

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорлорунун концепциясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев тааныштырды.

"Мыйзам долбоорлорунун концепциясы өнүгүүнүн белгиленген деңгээлине жетишүүдө калктын ыңгайлуу жашоосунда бар болгон орундарды сактоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Бул аракеттер анын натыйжалуу жана өз алдынча өнүгүшү үчүн калктуу конуштардын социалдык жана экономикалык базасын чыңдоого багытталган..

Биринчи мыйзам долбоору менен төмөнкү калктуу пункттарга айыл статусун берүү сунушталууда: Жалал-Абад облусунун Тосту, Туюк-Жар, Өлөӊ-Булак, Чарбак, Кара-Башат.

Экинчи мыйзам долбоору менен төмөнкү калктуу конуштарга айыл макамын берүү сунушталууда:

- Баткен облусунун Миң-Булак, Миң-Өрүк, Жаңы-Сырт, Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун;

- Нарын облусунун Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз, Узун-Булак жана Сары-Ой;

- Ош облусунун Арал, Маданият, Пахта-Абад, Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Жаш, Таш-Булак, Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок, Өрнөк, Кашка-Терек, Ынтымак;

- Талас облусунун Камаш, Беш-Таш калктуу конушу", - деди.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар калктуу пункттарды айыл категориясына киргизүү боюнча комплекстүү иш-чараларды көрүү керектигин, мында Өкмөт каржылоо булагы менен так критерийлерди иштеп чыгуусу зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан