Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага жооп кайтарды. Бул тууралуу маалыматты КСДПнын басма сөз кызматы таратты.
"Басма сөз катчынын билдирүүсүн мен Сооронбай Жээнбековдун жүрүм-турумун актоого жасалган каалоо катары баалайм. Бул президентке жакын адамдын коомчулуктун көңүлүн өзүлөрү үчүн абдан жагымсыз болгон саткынчылык темасынан алагды кылуунун аракети. Толгонай Стамалиеванын "Экс-президент ЖККУнун Минскидеги саммити учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек эмес экени туурасындагы насаатын Жээнбековго мен аркылуу айткан" деген сөзү калп. Сооронбай Жээнбековдун Минскиде Казакстандын башчысы менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына Алмазбек Атамбаев абдан кубанган. Анткени Нурсултан Назарбаев менен болгон биздин мамилебиз көп жагынан Өмүрбек Бабановго шайлоо учурунда артыкчылык бербөө үчүн бузулбады беле. Президенттин басма сөз катчысы айткан Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы саткынчылык темасы кийин келип чыккан. Андыктан маселени башкага оодара коюу болбогон иш", - деп жазылат Фарид Ниязовдун билдирүүсүндө.
Буга чейин Толгонай Стамалиева социалдык түйүндөгү баракчасына Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Жээнбековдун Атамбаевдин каршылыгына карабастан Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканын жазган. Ошондон улам Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестиги башталганын билдирген.