Ошто 19 жаштагы кыз 8 күндөн бери окууга кеттим деп үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда

Ош шаарында 4-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Аймончок Таир кызы изделүүдө. Бул тууралуу кыздын апасы Толгонай Абылова SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Аймончок Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 1-курста окуйт. Ал 4-апрель күнү саат 11:00 чамасында өзү жашаган Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасындагы батирлердин биринен чыгып кетип кайра кайрылып келген эмес.

"Кызым окууга кеттим деп чогуу жашаган кыздарга айткан экен. Ал бир тууган абысынымдын жана айылдашыбыздын кызы менен батирде жашачу. Ошол күндөн бери телефону өчүк жана интернеттеги социалдык тармактарына да кирген эмес. Азыр атасы экөөбүз Ош шаарында издеп, милицияга да кабар бердик", - дейт Абылова.

Ошол күнү Аймончок ак сызыктары бар спорттук шым, ак көйнөк жана бутуна ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Аймончокту көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну апасы суранат.

Байланыш телефону: 0773 74 98 13.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samar90
2019-04-11 16:42:41
Биздин айылдан болот журуш турушу жакшы елего атасы агай апасы ежеке болчу
+8
Liliia
2019-04-12 09:03:36
Samar90,кыз жоголуп атса, журуш-турушунун, ата энесинин кандай тиешеси бар.Кыргыз элим Адам жоголдубу анын кандай Адам экенин жазбай кайра жапырт табылышына жардам берсек болбойбу.А балким бул кызды бироо жарым кармап отурса жардамга зар болуп тургандыр биз бул жакта журум турум Ата энеси мындай деп жазып атканда. Кыргыз элим кайдыгерлик кылбайлычы
-2
ozgeldi
2019-04-12 10:00:07
Liliia,мынча көп тантып койдун
0
NURSAPAR
2019-04-11 16:43:50
Табылып калсын.
+7
Gisi
2019-04-11 17:47:16
Табылып калсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан