Бүгүн, 11-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү. Президент өкмөт үчүн отчёт бергендей таасир калтырганын интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. "Президент премьер болуп алганбы", "Жээнбековдун сөзүн өкмөттөгүлөр жазып берген окшойт" деген мааниде сындар айтылып жатат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өкмөттүн чабалдыгына президент көбүрөөк күнөөлүүбү же Жогорку Кеңешпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, өкмөттүн чабалдыгында парламенттин күнөөсү чоң.
“Биринчи кезекте Жогорку Кеңеш күнөөлүү, анткени мыйзамдарды бекиткенде жакшы талаптар болгон жок. Экинчиден, мыйзамдардын аткарылышында парламенттин көзөмөлү жетишсиз болууда. Ал эми президент дайындап, сунуш берген күнү деле документке добуш берип бекиткен Жогорку Кеңеш болуп жатпайбы. Ошол себептен өкмөттүн чабалдыгында биринчи кезекте Жогорку Кеңештин күнөөсү чоң. Конституция боюнча президент мыйзам чыгаруу процессине аралашканга укугу жок, бирок сунуш же кеңеш катары берсе, аны Жогорку Кеңеш кабыл алат", - деди Масалиев.