Баткенде эмдөөдөн жабыркаган балдардын окуясын атайын түзүлгөн комиссия текшерип жатат. Бул тууралуу 11-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Адистер Баткенде эмдөөдөн өткөн окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, иш алып барышууда. Ооруканада жаткан кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Абалы жакшырып үйүнө чыгарылды. Баары туруктуу. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Комиссия ишин бүтүрүп, анализ жүргүзгөн соң баары белгилүү болот", - деди министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.
9-апрель күнү түштөн кийин Баткен шаарындагы №3 мектептин 5-б классында окуган окуучулары эмдөөдөн өткөрүлүп, бирок айрымдары абалы начарлап жаткандыктан ооруканага барышкан. Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер эмдөө учурунда катачылыкка жол беришкенин кабарлаган. Бул боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев атайын түзүлгөн комиссия Баткен шаарына жөнөтүлгөнүн айткан.