Ош шаарындагы жатаканалардын биринде студент кыз боюн таштады. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-апрелде саат 20:30 чамасында Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жатаканалардын биринде болгон.
"Ал Ош гуманитардык педагогикалык институтунун студенти. Алгачкы кароо учурунда кыздын акыреги сынганы белгилүү болду. Учурда кошумча текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Өмүрүнө коркунуч жок. Тергөөнүн алгачкы версиясына ылайык, боюн таштаган кыз жакын адамы менен телефон аркылуу урушуп кетип, ушундай кадамга барган. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Ош ШИИБи.