ИИМ: "Акча талап кылуу үчүн бала уурдоо окуясы акыркы жолу 2015-жылы болгон"

Өлкө аймагында бала уурдоо фактысы акыркы жолу 2015-жылы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясынын отурумунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

"Акча талап кылуу максатында бала урдоо фактысы кечээги окуяга чейин 2015-жылдан бери катталган эмес. 2001-жылдан бери издөөдө 34 бала жүрөт. Алар үйүнөн чыгып, кайтып барбай калгандар", - деди Жунушалиев.

Кечээ, 11-апрелде саат 8:40 чамасында Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишкен. Кийин ал жана аны уурдагандар кечки саат 21:30 чамасында шаардын чекесинен табылган. Мындан сырткары, 4-апрелде Жалал-Абадда 7 жаштагы бала уурдалып, кийин өлтүрүлгөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kazakov1991
2019-04-12 13:43:06
ошондо Жалал Абадта уурдалып акча талап кылганы кылмышка кошулбай калабы
+1
Ermekbai
2019-04-12 15:10:46
kazakov1991,ал окуяны кашкар уга элек
0
Rubin
2019-04-12 16:59:36
Жалал-Абаддагы окуя акча үчүн бала уурдоо деп эмес, атайылап өлтүрүү деп категорияланат. Анткени алгач өч алыш үчүн өлтүрүп, анан акча сурап жатпайбы.
0
Shekeev969798
2019-04-12 19:14:45
Rubin,Акылдуу болбочу акча талап кылган ал деле
милицияга айтканы учун олтурду
0
Vishenka
2019-04-14 02:27:16
Shekeev969798,жакшылап окусанар дароо эле олтуруп коет да андан кийин баланын атасына чалат
0
DNurgiza
2019-04-13 18:32:50
2015беле? Өүнүн кызын кошуп кайын сиңдисинин кызын уурдап, акча талап кылган, хиджап оронгон аял?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан