Депутат Кенжебек Бокоев: "Бабановго куугунтукту эски бийлик жасаган. Азыркы бийликке дообуз жок"

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 600 миңге жакын адамдын добушуна ээ болгон Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде кайтып келерин айтты. Бул маалымат белгилүү болгондон кийин анын жакындары суракка чакырыла баштады. Мындан тышкары Бабановго тиешеси бар "Кыргызстан" банкынын акционерлери да суракка алынды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соңку күндөрдөгү Бабановго каршы бийликтин аракеттери куугунтукпу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов мурунку бийлик тарабынан 1,5 жыл убакыт аралыгында куугунтукта жүрдү.

"Мына жакында ал Кыргыз өлкөсүнө кайтып келем деп билетин жарыялады. Учурда ага карата жасалып жаткан иш-аракеттерди коркутуу-үркүтүү аракети катары бааласа болот. Биз Өмүрбек Бабановго эски бийлик иш козгогонун билебиз, бирок аны тосуп алууда бул бийлик да эскилердин тактикасына өттүбү? Бул бийлик эл менен эсептешеби же өзүм билемдикке салып эскилердин жолу менен кетеби? Бул жол туура эмес", - деди Бокоев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Ирина Карамушкина, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, жарандык активист Аманбол Бабакулов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жана журналист Мирбек Айтикеевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан