Кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Абдывахаб Нурбаев 2018-жылдын республикалык бюджети толбогондугун айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Республикалык бюджет мыйзам болуп саналат. Мыйзам аткарылбаган чакта кимдир бирөөлөр жоопко тартылышы керек", - дейт депутат.
Көпчүлүк коалиция республикалык бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу максатында өкмөткө кошумча каржы булактарын таап, бюджет тартыштыгын кыскартуу, инфляцияны төмөндөтүү, ЕАЭБ алкагында Кыргыз мамлекетинин позициясын бекемдөө, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.
Жыйынтыгында өкмөттүн 2018-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды.