Мамлекеттик карызды тейлөөгө 1 миллиард 450 миллион сомдон ашык каражат сарпталды

2019-жылдын февралында мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 458 миллион 17 миң сом каражат сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 929 миллион 47 миң сом, ички карыз боюнча – 528 миллион 70 миң сом.

28-февралга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 312 миллиард 384 миллион 99 миң сомду түздү. Мамлекеттик тышкы карыз – 266 миллиард 642 миллион 34 миң сом, мамлекеттик ички карыз – 45 миллиард 742 миллион 66 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2019-04-13 12:38:41
Ички карыз дегени эмне ?
0
tursunbaev78
2019-04-13 12:49:42
elchi84,пенсия,пособия,айлык акы ички карыз болот
0
Kanybek121195
2019-04-13 14:20:59
Ыйлагың келет го карызды угуп. Өзүмдүн карызым 82миң кредитим бар.
0
Krai
2019-04-14 09:20:53
Аз аздан болсо да толоп атыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан