Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 47 жаштагы Рахман Беков изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Рахман Беков 5-апрелде саат 21:00дөр чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылындагы Айдаралиев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өзгөчө белгилери: бою 168-170 сантиметр, чачы кыска, кой көз, кырдач мурун. Кийген кийимдери: кара түстөгү тери куртка, көк футболка, көк жынсы, башында кара кепка.
Байланыш телефондор: 0 (312) 363 523, 0 (552) 220 692, 0 (704) 312 505, 0 (550) 343 363.