Бир катар судьялар мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Анын ичинде 1300 документти жок кылды делген Эрнис Чоткараев да бар

Бир катар судьялар мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык, Ош облустук сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев жана Назымбек Матраимов өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизген. Ошондой эле Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
moskyrsat
2019-04-14 02:58:20
Мына сага Эми куреш башталат соке агынан уруп жоска кылат окшойт эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан