Кепилдик фонддорун түзүүгө багытталган мыйзам ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорун түзүү жана алардын ишмердиги учурунда келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү. Мыйзам өлкөдөгү кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан