Кечээ, 13-апрелде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында нөшөрлөгөн жаан жаап, көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, МИР-4 кичи районундагы турак жайларды суу каптады. Ал эми жогорку кабатта жашагандардын үйүнүн шыбынан жаандын суусу тамчылап жатат. Ашхабадда дагы эки күн жамгыр жаашы күтүлөт.