Элчилик Москвада киши колдуу болгон Кыргыз жараны тууралуу окуяны тактоо үчүн укук коргоо органына кайрылды

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Москвада киши колдуу болгон Кыргыз жараны тууралуу окуяны тактоо үчүн укук коргоо органына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, элчилик Орусиянын укук коргоо органына кечээ, 13-апрелде расмий кайрылуу жөнөттү. "Кечээ, бүгүн эс алуу күн болгондуктан кайрылууга жооп келе элек. Бул окуя элчиликтин көзөмөлүнө алынды", - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматы.

11-апрелде Москва шаарындагы Ичка дарыясында темир көпүрөнүн алдынан Кыргыз жаранынын сөөгү табылганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. "Окуя болгон жерден кан болгон 3 таш, бут кийим, рюкзак, документ жана 500 рубль табылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Avrora2017
2019-04-14 15:56:37
Озубуздукулор эле олтуруп койбоду бекен бирденке болушо албай
+2
ady-88
2019-04-14 18:09:45
Avrora2017, менде дагы ушундай сомнение болуп атат
+1
Avrora2017
2019-04-14 15:58:43
Соогу жерге берилди деп жатышат а элчилиги эми аран тактап кайрылуу жасап журобу
+4
Kaary
2019-04-14 16:46:38
Жайың жаннаттын бир бакчасы болсун досум! Сурак соболуң жеңил болсун!
0
elchi84
2019-04-14 20:52:55
Жайы жаннаттан болсун ,ботон жерде жургондо этият болойлу
0
Dembele84
2019-04-14 21:03:12
2018-жылы эле чет жактан биздин 200дон ашуун жердештерибиздин соогу жонотулуптур Кыргызстанга.Анын 90% ти Россиядан жонотулуптур,ото окунучтуу (((
+1
JaneEr
2019-04-15 00:06:28
Скинхеды убили
-1
madina.87
2019-04-15 05:59:18
Бир жакшынакай жигит экен, аттиң жаткан жери жайлуу болсун.Ким кылса да азабын эки дүйнөдө тартсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан