Былтыр өлкөгө чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 миллион долларды түздү

Былтыр өлкөгө чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 миллион долларды түздү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына отчёт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөн инвестициялардын чыгып кетиши 27,7 пайызга азайган.

"Инвестициялык климатты жакшыртуу максаттарында бир катар чаралар көрүлдү. Анын ичинде бизнес акыйкатчы институту түзүлдү. Ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргиздик, туруктуу өнүгүү долбоорлорун даярдоочу фонд түзүлдү. Соода-логистикалык борборлор, айыл чарба кооперативдери салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулду", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан